Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Жалал-Абад

Аксыда социалдык мекемелерге көмүр ташылууда

Turmush -  Аксы районундагы 65 мектепке, 23 бала бакчага жана ооруканалар менен ФАПтарга кышка карата Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларынан жана райондун Ак-Жол айлындагы көмүр кендеринен көмүр ташылууда. Бул тууралуу акимдин орун басары Зарипа Калматова билдирди.

Анын билдиришинче, мектептер менен балдар бакчаларына 4 миң 235 тонна көмүр жеткирүү пландаштырылган. Электр тогу менен жылытуучу буу казандар менен алардын жабдуулары да текшерилип жатат. Буга чейин зарыл болгон көмүрдүн билим берүү мекемелерине 30%ы, ал эми саламаттыкты сактоо ишканаларына керектелүүчү көмүрдүн 50%ы ташылып алынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 806
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×