Turmush - Аксы районунда эски ФАПтын ордуна жаңы имарат курулду.
Аксы райондук администрациясынын маалыматына караганда, Кара-Төбө айылындагы ФАПтын эскилиги жетип, чатырынан тамчы агып баштаган. Тургундар эски ФАПтын имараты оңдолбой жатканын айтып, нааразы болушкан.
Тургундардын өтүнүчүнөн кийин ФАПтын ордуна 2 млн 100 миң сомго жаңысы курулган.
Эски ФАПтын имараты союз учурунда чабандардын балдары үчүн бала бакча болуп курулган. Кийин ФАП болуп ишке берилген.