Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 11.10.2017 13:12

Бишкек–Ош жолундагы кырсык: 5 адам каза болгон аксылык үй-бүлөгө 40 миң сом жардам берилди

Turmush -  Аксы районунда жол кырсыктан 5 адам каза болгон үй-бүлөгө 40 миң сом акчалай жардам берилди. Бул тууралуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, каза болгон үй-бүлөдө 7 бала жетим калды. Алардын үчөө атасынан, энесинен да айрылды.

«Жол кырсыкта каза болгон үй-бүлөнүн жакындарына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жана Кара-Суу айыл өкмөтүнөн 40 миң сом жардам берилди. Райондук администрация дагы жардамын көрсөттү. Мындан сырткары, учурда жетим калган 7 баланы камкордукка алуу сунушу берилди. Алардын үчөө томолой, төртөө жарым жетим калды», - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, 8-октябрда Ош—Бишкек унаа жолунун 423-чакырымында «Хонда Фит» менен «Вольво» унаасы сүзүшүп, 5 адам каза болгон. Алардын бары бир үй-бүлөдөн болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×