Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Аксы районунда эки ФАП ишке кирет

Turmush -  Аксы районундагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Кой-Таш айылында ФАП ачылды. Бул тууралуу акимдин орун басары Зарипа Калматова кабарлады.

Анын айтымында, ФАП арабдардын эл аралык кайрымдуулук фондунун каражатына курулуп, ишке жаңы кирди. Анын ачылышына аким М.Мырзамамытов менен кайрымдуулук фонддун башчысы С.Баюми катыша турганы күтүлүүдө.

«Райондун Кара-Суу айыл аймагына караштуу Кезарт кыштагында да жаңы курулган ФАПтын кызыл тасмасы кесилет. Тоо арасында жайгашкан Кезарт кыштагында 917 адам жашайт. Быйылкы жылы буга чейин райондун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө да жаңы ФАПтын имараты курулуп бүтүп, ишке берилген. Эми Кой-Таш айылында жаңы ФАП курулду. Бул айылда 391 кожолукта 2017 адам жашайт», - деди З.Калматова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1217
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×