Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Аксынын Кезарт айылында биринчи жолу ФАП ачылды (фото)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагынын Кезарт айылында 800дөн ашуун калкты тейлеген фельдшер-акушердик пункту ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

ФАПтын фельдшери Меңдибай Өзүбековдун айтымында, Кезарт айылынын жашоочулары буга чейин кыйналып келишкен.

«Айыл эли балдарын эмдөөдөн өткөрүү үчүн же ооруп калышса 3-3,5 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Суу айылындагы ФАПка барышчу. Калк кыйналгандыктан 2007-жылдан бери ФАП куруу зарылдыгын айтып келишкен. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов демөөрчүлөрдү таап келип, курулушту бүтүрүп беришти. Медициналык жабдуулар алынып келди, эми дары-дармектерди сактоого муздаткыч берилет деп жатышат», - деди М.Өзүбеков.

Тургундар белгилегендей, бул айылда биринчи жолу ФАП курулду. Айыл тургуну Кудайберди Тоялиев ФАПтын курулушу үчүн 5 сотых жер тилкесин берген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1110
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×