Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 20.10.2017 21:06

Аксынын Кой-Таш айылында ФАП ачылды (фото)

Turmush -  Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Кой-Таш айылында ФАП ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, жаңы ачылган ФАП 1750 адамга кызмат көрсөтөт. Диспансердик каттоодо 70 жаран болсо, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 38 жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Анын ичинде 11 адам өспүрүмдөр.

Бүгүн райондун Кара-Суу жана Жаңы-Жол айыл өкмөтөрүндө бирден ФАП ачылды. Жергиликтүү бийлик жер тилкесине байланыштуу жана башка маселелерди чечип берүүгө көмөктөшкөн. ФАПтын ичине таза суу киргизилип, фельдшердик бөлмө, процедуралык, эмдөө бөлмөлөрү да бар. Алар толугу менен керектүү эмерек жана техника менен жабдылып, тажрыйбалуу фельдшер жана медициналык кызматкерлер иштеп баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×