Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 25.10.2017 10:19

Аксынын тургуну коңшусунун малын сатып жаткан учурда кармалды

Turmush -  Аксынын Жерге-Тал айылынын тургуну кошунасына тиешелүү уйду базарда сатып жаткан учурда кармалды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, аны уйдун ээси колго түшүргөн. 

Ал эми, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Айткуловдун айтымында, кармалган адам малды жаңылыштык менен базарга алып барганын айткан. Учурда ал эркиндикте жүрөт.

«Базарда башка адамдын малын сатып жаткан жашоочу кармалган. Бирок ал малды жаңылышып алып барганын айткан. Кийин бул иш милицияга өткөрүлдү. Учурда мал уурдоого шектелген адам эркиндикте жүрөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×