Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.11.2017 11:48

Аксынын Өлөң-Булак айылында 2,1 млн сомго курулган ФАП расмий ачылды

Turmush -  Аксы районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Өлөң-Булак айылында быйыл жаңыдан курулуп, иштеп жаткан ФАПтын ачылыш салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу акимдин орун басары Зарипа Калматова кабарлады.

Анын айтымында, кызыл тасманы кесүү иш-чарасына райондун акими Масалбек Мырзамамытов жана райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Разилбек Бөрүкулов менен Өлөң-Булак айылынын жашоочулары катышты. Жаңы ишке киришкен ФАПта азырынча акушер-фельдшер менен бир тазалык кызматкери өлөң-булактыктарга кызмат көрсөтүшөт. Эми бейтап адамдар менен кош бойлуу аялдарга көз салып, ар түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөө иштери жүргүзүлөт.

Курулушка АРИС агенттиги 2 млн 197 миң сом, ал эми Кашка-Суу айыл өкмөтү 10% салым кошту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×