Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Кайнене менен келиндин өлүмү: Аксыда ооруканага түшкөн 26 жаштагы кыздын абалы оор

Turmush -  Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында кол салуудан улам ооруканага түшкөн 26 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, өз үйүндө кол салуудан кийин 1991-жылы туулган К. кызы Э. оор жаракат алган абалда ооруканага жеткирилген. Ал учурда комада жатат. Дарыгерлер тарабынан анын абалы оор деп бааланууда.

Буга чейин Аксы районунда келин менен кайнененин жансыз денелери өз үйүндө табылганы маалымдалган. Окуя 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү болгон. Келин менен кайнене киши колдуу болуп каза болгон. Алар темир менен уруп өлтүрүлгөнү айтылууда.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, адам өлтүрүү фактысы 14-ноябрда Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында катталган. Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк аталган үйдө 50 жаштагы аял киши, анын 26 жаштагы кызы, 22 жаштагы келини К. кызы А., 2 жаштагы жана 3 айлык неберелери менен жашаганы белгилүү болду. Туугандарынын айтымында, каза болгон келин — Аиданын күйөөсү Бишкек шаарында иштейт. Ал эми, 50 жаштагы аялдын экинчи уулу Түштүк Кореяда эмгектенет. Учурда кичинекей балдарды туугандары алып кетишти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4651
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×