
Жыйынга райондун айыл өкмөттөрүнөн келген жаштар катышып, анда өлкөдөгү жаштардын орду, алардын максаттары талкууланды.
Мындан сырткары, жаштарды жумуш менен камсыз кылуунун жолдору, аларды спортко үндөө жана алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн жасала турган кадамдар боюнча жаштар дебатка чыгышты. Дебатта көптөгөн жаштар дипломго ээ болгондон кийин өз кесиби менен иштебей, чет өлкөлөргө кетип жатышкандыгынын себеби талкууланды.
Дебаттын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана активдүү жаштарга сыйлыктар тапшырылды.