Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 01.12.2017 21:04

Аксыда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар сыйланды

Turmush -  Аксы районунда Майыптардын эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу акимдин орун басары Зарипа Калматова кабарлады.

Анын айтымында, райондун борборуна айыл-кыштактардан мүмкүнчүлүгү чектелген 130 адам чакыртылып, аларга сый тамак берилди. Алар үчүн сынак да уюштурулду. Ыр-бий, макал-лакап, дастан айтып, интермедия аткарып жана өздөрүнүн ар түрдүү өнөрлөрү менен айырмаланган мүмкүнчүлүгү чектелген 50 адамга акчалай белектер тапшырылды.

Ал эми, аким М.Мырзамамытов райондун айыл-кыштактарында жашап, ордунан тура албай, төшөктө жаткан 10 адамдан кабар алып, азык-түлүк жана таттуулар салынган баштыктарды тапшырып келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×