Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 11.12.2017 09:38

Аксыда турак үй өрттөнүп, ээси кошо күйүп кетти (фото, толугу менен)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси кошо өрттөнүп кетти.

Окуяга күбө болгон кошуналардын айтымында, 48 жаштагы Э.У. денесинин 100%ы күйүп, таанылгыс болуп калган. Алар өрт өчүрүүчүлөр менен бирге үй ээсин урандынын алдынан денеси күйүп, сөөктөрү калган абалда алып чыгышкан.

Маркумдун кошунасы У.Нарбиевдин айтымында, таңкы саат 4:00 чамасында кошунасынын үйүнөн өрт чыккан. Алар таң ата баштаганда анын үйү өрттөнүп жатканын көрүшкөн. Кошуналар чогулуп барган учурда үйүнүн ичинен чыккан өрт турак жайдын чатырына жетип калган. Алар өрт өчүрүү кызматына кабар беришип, өздөрү да өчүрүүгө аракет кылышкан.

«Эркин бир жылдан ашык убакыттан бери ушул үйдө жашап жаткан. Буга чейин бул үй кароосуз калгандыктан аксакалдар намазкана катары пайдаланып келишкен. Кийин Эркин кайрадан үйүндө жашап жаткандыктан намазкана болбой калган. Окуя болгон күнү кечке маал аны көргөн элем. Адаттагыдай шериктери менен жүргөн. Буга чейин электр энергиядан карызы көбөйүп кеткендиктен электр жарыгын өчүрүп кетиптир деп айтып жатышкан. Бирок аны өзү улап алыптыр болчу. Таңкы саат 04:00 чамасында үйдүн чатыры тарсылдай баштады. Бейбаштар дагы таш ыргытып жатышкан экен деп эшикке чыга калсам Эркиндин үйү өрттөнүп, шифери кызарып жалындап калган экен. Кошуналарды жардамга чакырып, ар бирибиз үйүбүздөн челектерди алып чыгып, суу чачып өчүрүүгө аракеттендик. ӨКМдин куткаруучулары келди. Өрт басылып калгандан кийин Эркинди издеп, дубалдын урандысынын алдынан таанылгыс болуп күйүп калган жансыз денесин таптык», - дейт У.Нарбиев.

Каза болгон жарандын туугандары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×