Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Падыша-Ата коругунун аймагында байыркы эротика чагылдырылган петроглифтер бар, - тарыхчы

Turmush -  Аксы районунун Падыша-Ата коругунун аймагында эротикалык көрүнүштөр чагылдырылган петроглифтер сакталып калган. Бул тууралуу жергиликтүү тарыхчы жана активист Шекербек Камчыбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Чаткал тоолору менен чектешкен аймакта петроглифтер арбын.

«Таш бооруна чегилип түшүрүлгөн жазуулар, сүрөттөр жана петроглифтер байыркы ата-бабаларыбыздын руханий турмушунан бизге калтырган кабары, аны туура так чечмелеп алуу биздин милдет. Аксы жана Чаткал райондорунун чек арасында тагыраак айтканда деӊиз деӊгээлинен 3714 метр бийиктеги Чаткал кырка тоолорунун, Падыша-Ата мамлекеттик коругунун сырт тарабы, Кашка-Суу айыл округунун мамлекеттик запас жериндеги Шар капчыгайындагы асканын бетине тартылган петроглифтер бар. Алар чоӊ эки ташка жогорку чеберчилик менен чегилип жазылган.

Сүрөт түшүрүлгөн таштар капчыгайдын күн чыгыш тарабынан кандайдыр бир табият кырсыгынан көчүп түшкөндүгү даана байкалып турат. Бул таштарда ар кандай сүрөт жана чиймелер тартылган. Ал таштарга күндүн, жыландын, куш сыяктуу жаныбарлардын сүрөтү түшүрүлгөн. Падыша-Ата коругундагы петроглифтерде адамдын таш ыргытып жатканы жана үч баштуу ажыдаар адамдын борпусун соруп (эротикалык көрүнүштөр) жаткан сүрөтү жана түшүнүксүз сызылган чиймелер тартылган. Бул жердеги сүрөттөрдү биздин заманга чейин II миӊ жылдыктын биздин замандын I миӊ жылдыгына таандык деп айтсак болот. Себеби, саймалуу таш петроглифтерине окшоштук жактары бар. Атап айтсак, күндүн, жыландын жана адамдын жапайы жаныбар менен алышып жаткандары. Саймалуу таштар петроглифтери биздин заманга чейин II миң жылдыктан биздин замандын I миӊ жылдыгынын 1-жарымына чейин Теӊир-Тоодо жашаган уруулар менен элдердин (сак, хунну, усун, түрк) социалдык-экономикалык жана руханий турмушун чагылдырып маалымат берет», - дейт тарыхчы.

Падыша-Ата мамлекеттик коругу 2003-жылы уникалдуу арча токойлору менен Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген Семенов пихтасын сактап калуу үчүн түзүлгөн.

Падыша-Ата коругунун кызматкерлеринин маалыматына ылайык, корук Жалал-Абад облусунан 240 чакырым, ал эми Аксы районунун Кербен шаарынан 30 чакырым алыстыкта турат. Коруктун жалпы аянты 30 миң 556 гектарды түзсө, өзгөчө корголуучу аймагы — 16 миң 10 гектар, корголуучу аймак — 14 миң 545 гектарды түзөт.

Корук түндүгүнөн Чаткал кырка тоолору, чыгышынан Авлетим токой чарбасы, батышынан Ала-Бука токой чарбасы менен чектешет. Падыша-Ата уюшулгандан бери илимий изилдөө иштери жүрүп келе жатат. Корукта канаттуунун 51 түрү бар, алардын 14ү жер которуучулардын катарына кирет. Өсүмдүктөрдүн саны 500дөн ашуун, алардын көпчүлүгү дары чөптөр.

Жергиликтүү тарыхчы Шекербек Камчыбек уулу тарабынан 2005-жылы Чаткал кырка тоолорунан, Падыша-Ата мамлекеттик коругунун Шар капчыгайынын аска бетине тартылган петроглифтер табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 16032
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×