Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 18.12.2017 10:24

Эл ичи — өнөр кенчи: Тойдо конокторду ыйлаткан аксылык ырчы И.Назаровго талант тай жагынан келген (видео, фото)

Turmush -  «Ааламды нурга бөлөйсүң, ак көйнөк кийсең көйкөлүп. Ааламда бир да аялзат, ажарлуу эмес сенчелик, сулуу да эмес апа сенчелик» деп обон созгон Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну, чыгармачылыкка жакындан аралашып, элдин оозуна алынып баштаган ырчы Ишен Назаров менен аймактык кабарчы таанышты.

Ишен 1989-жылы Аксы районунун Кара-Суу айылында туулган. Үй-бүлөдө 8 бир тууган. Балалык кези Аксы районунда өттү. Асанбек Жаныбеков атындагы №46 Кара-Суу орто мектебин 2008-жылы аяктап, 2011-жылы Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде 2 жыл аккордеон боюнча билим алган. Кийин социалдык маданий ишмердүүлүк факультетине которулган.

«Үйдөгүлөрдүн баары таланттуу адамдар. Менден башкалары деле ырдап, комузда кол ойнотушат. Атам Урмат 65 жашка чыгып калды. Ал Аксыда Жеңижок атындагы музейдин директору. Ал эми апам Алымкан учурда үй кожойкеси, 62 жашта. Негизи талант мага тайларым жактан келген. Таятам комуз чертип ырдачу.

Буга чейин автордук чыгармаларым жок болчу, аткаруучу болуп келгем. Эми жаңыдан автордук чыгармаларым элге сунушталууда. Жалпы онго жакын ырларым бар. "Апакем" аттуу ырыма клип тарттырдым. Ал чыгарманын сөзү Баян Акматовго, обону Кубаныч Алиевге таандык. Келечекке максаттар көп», - деди И.Назаров.

Ырчы алгачкы жолу сахнага 2012-жылы «Жаңы кадам» сынагында аккордеон менен чыккан.

«Өзүмдө болгон талантты чыгарып чыктым. Мен үчүн ырчылык кесибим болуп калды», - деди ал.

Ишен үй-бүлөлүү. Анын жубайы Наргиза Нарындын кызы. Ал учурда 25 жашта жана музыкалык билимге ээ. Ырчы жубайы менен биргеликте бир кызды тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×