Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Жалал-Абад

Аксыдагы суук мектепке кошумча жылыткычтар коюлду, - директор

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылындагы мектепте суук бөлмөлөрдө окуган окуучулар үчүн кошумча жылыткычтар коюлду. Бул тууралуу мектептин директору Абдырасул Батыркулов билдирди.

«Бөлмөлөр суук болгондугуна байланыштуу жыл башынан бери окуучулар үчүн кошумча жылыткычтар коюлган. Учурда балдар жылуу бөлмөлөрдө билим алып жатышат», - дейт мектептин директору.

Буга чейин Итагар айылындагы мектепте окуучулар суук класстарда окуп жатышкандыгы маалымдалган.

Ата-энелердин айтымында, алар мектептин жылуулугу үчүн 49 миң сом акча чогултуп беришкен, бирок ошого карабастан жылуулук жакшы эмес. Себеби сапатсыз жылытуучу мештер коюлган.

Аксы райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги мектептин жылуулугун көмүр менен камсыз кылууну жана анын сапатын айыл өкмөт жетекчилиги текшерип чыгарын билдирди. Ал эми Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Анарбек Осмоналиев жылытуучу мештер сапатсыз курулганын тастыктады.

«Жылуулук жакшы болбой жаткандыгынын себеби курулуш учурунда катачылыктар кеткен экен. Ушул жылы бюджеттен 60 миң сом бөлүп бергени жатабыз. Каражат маселеси чечилсе эле мектептин жылуулугу жакшырат», - деди ал.

Итагар орто мектебинин жылуулук системасы 2017-жылы оңдолгон. Ал үчүн тургундардан дагы акча чогултулган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 924
Көп окулду
×