Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 15.01.2018 15:01

Аксынын Итагар айылында мектептин бакчасынан түшкөн каражатка 50 орундуу бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылында мектептин бакчасында өскөн кайналыдан түшкөн каражатка 50 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу Итагар айылындагы орто мектептин директору Абдырасул Батыркулов билдирди.

Анын айтымында, 50 бала 2 нөөмөт менен тарбияланат.

«Жаңы ачылган бала бакча Итагар орто мектебинин балансында турат. Учурда балдар кабыл алынып, бала бакча 2 нөөмөт менен иштеп жатат», - деди мектеп директору.

Итагар айылынын башчысы Ажибек Алымкуловдун айтымында, бала бакчага мектептин бакчасында өскөн кайналынын түшүмү сатылып, андан түшкөн 80 миң сом каражат жумшалган. Учурда имаратта бардык шарттар бар. Буга чейин Итагар айылында бала бакча болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×