Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 16.01.2018 12:05

Аксынын Авлетим айыл өкмөтүндөгү бала бакчаларга 1,2 млн сомго эмеректер алынып келди (фото)

Turmush -  Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндө бала бакчаларга эмеректер алынып келди. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Нурмырза Абдыраманов билдирди.

Анын айтымында, бала бакчалардагы эмеректер 1,2 млн сомго алынган.

«Авлетим айыл өкмөтүндөгү Мукур, Байгашка-Терек айылдарына бала бакча ачуу максатында эмеректер алынып келди. Ага атайын фонд тарабынан 1,2 млн сом бөлүнгөн. Учурда 2 айылга бала бакча ачуу аракети көрүлүүдө», - деди ал.

Авлетим айыл өкмөтүндөгү 6 айылда 2 гана бала бакча иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×