Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Жалал-Абад

Аксылык аял мас айылдашын өлтүрүүгө шектелүүдө

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда айылдашын өлтүрүүгө шектүү делип 29 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 14-январь күнү саат 14:00 чамасында катталган. Айылдаштар спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодо пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, жыйынтыгында бирөөсү бычактан оор жаракат алган. Жабырлануучу — Ак-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну Б.Т. аймактык ооруканага жетпей каза болгондугу аныкталган.

Аксы РИИБдин ыкчам тергөө тобу тарабынан аталган кылмышка шектүү делип 29 жаштагы жергиликтүү тургун (аял киши) кармалган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсүндө, ал үйүндө идиш аяк жууп жатканда, Б.Т. мас абалда келген. Ал андан арак алып келүүсүн жана тамак жасап берүүсүн талап кылып, экөө кайым айтыша кетишкен. Аял мас абалдагы жаранды сыртка чыгарам деп жатып колундагы бычагы менен сайып алган. Шектүү аялдын эки баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1017
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×