Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 24.01.2018 14:16

Аксыда 10го жакын жылкыны карышкырлар жеп кетти

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө карышкырлар мал-жандыктарга кол салууда. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Жаныбек Жантаев билдирди.

Анын айтымында, карышкырлардын кол салуусунан улам тургундар зыян тартууда.

«Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн четиндеги айылдарга карышкырлар кирип, короодогу кой, жылкыларга кол салып жатат. Карышкырлардын айылга жакын келиши тургундарга дагы кооптуу болууда. Айыл тургундары карышкырды атууга аракет кылышканы менен майнап чыкпай жатат», - деди ал.

Аталган айылдын тургундары карышкырлар жалпы 10го жакын жылкыны жеп кеткенин белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×