Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Жалал-Абад

Кашка-Сууда 800 млн сомдук долбоор менен Ак-Терек каналынын курулушун улантып жатышат (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагында Ак-Терек каналынын курулушу кызуу жүргүзүлүп жатат. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, курулушка Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу суу чарба жана мелиорация департаментинин долбоору аркылуу республикалык бюджеттен 800 млн сом каралган.

Учурда узундугу 223 метрлик суу агып өтүүчү туннелди казуу иштери ыкчамдатылган негизде жүргүзүлүп жатат. Ал эми, Ак-Терек каналынын жалпы узундугу 7,5 км түзөт.

«Азыркы мезгилде Ак-Терек каналынын суу агып өтүүчү туннелин казуу иштери кызуу уланууда. Суу агып өтүүчү каналдын бийиктиги 3 метр, туурасы 2,5 метр болот. Курулуш иштерине 50 адам тартылып, 15 күндүк мөөнөт менен алмашып иштеп жатышат.

Туннелди казууда 2 бургулап тешүүчү станок, 2 бетон насос, 2 жүктөгүч (погрузчик) жана 8 "КамАЗ" автоунаалары иштеп жатат. Жумушчуларга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, 3 маал ысык тамак, жылуу кийимдер менен толук камсыз болушкан. Азыркы мезгилге чейин Ак-Терек каналын курууда 135 млн сомдук жумуштар аткарылды», - деди «Кыргыз суу кесип курулуш» ААКтын директору Жапар Камалбаев.

Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытовдун айтымында, каналдын пайдаланууга берилиши менен сугат суунун жетишсиздигине байланыштуу көйгөйлөр чечилет.

«Узундугу жалпысынан 7,5 км түзгөн Ак-Терек каналы бүтүп калса биринчи кезекте Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагы жана Кербен шаарындагы 1000 гектар айыл чарба багытындагы жерлер сугат суусу менен толук камсыз болот. Мындан сырткары Кашка-Суу айыл аймагынын жана Кербен шаарынын тургундарынын өздүк чарбагындагы эгиндери дагы сугат суусу менен жетиштүү камсыз болуп калат. Ал эми экинчи этабында Ак-Терек каналы Кербен-Кызыл-Алма-Иринжит каналына кошулуп, Сары-Жайык аймагындагы 3 миң гектар кайрак жерди толук суу менен камсыздайт. Бул — биздин келечектеги максатыбыз», - деди аким.

Бирок Аксы районунун мурунку акими, райондук ардагерлер кеңешинин мүчөсү Кеңешбек Ибраимовдун пикиринде, курулушу 20 жылга чукулдап калган каналдын долбоору чийки иштелип калган жана андан күтүлгөн натыйжа болбойт. Ал эми республикалык суу чарба жана мелиорация департаментинин адистери келечекте Ак-Терек каналы райондун экономикасын көтөрүүдө чоң роль ойнойт деп бекем ишенишет.

Ак-Терек каналынын курулуш иштери менен жеринде өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков да таанышып чыккан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1366
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×