Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Жалал-Абад

Аксыдагы шахтада 26 жаштагы жигитти таш басып калды

Turmush -  Аксы районунун тургунун шахтада таш басып калды. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя кечээ, 31-январда райондун Кара-Тыт айылында мыйзамсыз көмүр казуу үчүн ачылган шахтада болгон.

Таштын алдында калган жаран — Жолборсту айылынын 1992-жылы туулган тургуну М.Ч. экени такталды. Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн саат 16:38де ӨКМдин №6 мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 12 куткаруучу жөнөтүлгөн. Куткаруучулар саат 21:30да маркумдун жансыз денесин таап чыгып, милиция кызматкерлерине беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 753
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×