Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 01.02.2018 15:10

Аксыдагы шахтада таш басып каза болгон жигит тыюу салынган жерде мыйзамсыз көмүр казып жаткан

Turmush -  Аксы районунда шахтада таш басып каза болгон жаран иштеп жаткан карьер мыйзамсыз иштегендиги үчүн 5 күн мурда жабылган. Бирок тургундар аны кайра ачып алышкан. Бул тууралуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагулов билдирди.

Анын айтымында, жарандар көмүрдү өз алдынча бекинип барып кызып сатышат.

«Ак-Жол айыл өкмөтүндө 6 жерден адамдар мыйзамсыз көмүр казышат. Ал жерди атайын түзүлгөн комиссия текшерип, баардыгын жаптырып, көмүп келишкен. Ал эми таш басып каза болгон жаран 2 шериги менен көмүр казып жаткан. Алар иштеп жаткан карьер 26-январь күнү жабылган болчу. Бирок жергиликтүү тургундар баш ийбестен өз алдынча барып көмүр казышкан», - деди ал.

Кечээ, 31-январда Аксы районунун Кара-Тыт айылында мыйзамсыз көмүр казып жатан 26 жаштагы тургунду таш басып калып каза болгон. ӨКМдин басма сөз кызматы жарандын сөөгү саат 21:30 чамасында чыгарылып, милицияга өткөрүлүп берилгенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×