Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Жалал-Абад

Аксыда согуш ардагерлеринен кабар алышты (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков менен Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов бүгүн, 1-февралда райондун Авлетим жана Жерге-Тал айыл аймактарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун алты катышуучусунун ден соолугу жана жашоосунан кабар алышты. Бул тууралуу акимдин орун басары Зарипа Калматова билдирди.

Анын айтымында, алар 90-91-93-94 жаштардагы ардагерлерге көрүлгөн камкордуктарды өздөрү көрүп, аларга таттуу шириндиктер салынган баштыктарды тапшырышты.

«Аксы районунда согуштун алты катышуучусу жашайт. Улуу Ата Мекендик согушка райондон 3828 адам жөнөтүлгөн. Алардын арасынан 1877 адам фронтто каза болуп, мекенине 1951 жоокер кайтып келген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 397
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×