Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.02.2018 16:26

Аксыда 100 миң сомдой акчага тайказан орнотулуп, 2 күн көк бөрү боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Аксы районунда көк бөрү ойнолуучу тайказан курулуп, 2 күн көк бөрү мелдеши өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Ташкулов билдиргендей, 1 гектар жерге атайын көк бөрү аянчасы ачылды.

«Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн балансында турган жерден атайын 1 гектар бөлүнүп, көк бөрү ойноочу аянтча курулду. Аянтчада атайын тайказан орнотулуп, ага жалпысынан 100 миң сомдой акча сарпталды. Анын ачылышына карата Аксы районундагы командалар 2 күнгө созулган мелдеш уюштуруп, жеңишке жеткен командаларга акчалай сыйлыктар тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×