Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.02.2018 11:10

Аксынын Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Райымжан Мавлянов шайланды

Turmush -  Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Райымжан Мавлянов шайланды. Бул тууралуу Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Кыялбек Абдыкаров билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыгына 2 талапкер ат салышты.

«Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчылыгына мурдагы айыл өкмөт башчысы Маматисак Жапаров менен Соцфонддун Аксы райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Райымжан Мавлянов ат салышты. Жыйынтыгында 13 депутаттын колдоосу менен Р.Мавлянов айыл өкмөт башчы болуп шайланды», - деди ал.

Р.Мавлянов 2004-2007-жылдары Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп турган. Андан кийин Соцфонддун Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы болуп 2017-жылга чейин эмгектенген.

Кош-Дөбө айыл өкмөтүн 2 айдан бери Кыялбек Абдыкаров убактылуу жетектеп келе жаткан. Айыл өкмөттө 15 миңден ашуун калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×