Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 26.03.2018 12:16

Казакстанда өткөн каратэ-до боюнча ачык кубокто кыргызстандык спортчулар жеңишке жетти (фото)

Turmush -  Алмата шаарында өткөн шотокан каратэ-до WSKF боюнча Казакстандын ачык кубогунда Кыргызстандын спортчулары 10 алтын, 7 күмүш, 15 коло медаль утушту. Маалым болгондой, мелдеш ушул жылдын 25-мартында Алмата шаарында өтүп, ага 200дөн ашуун спортчу катышты.

Кыргызстандын атынан Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясынын жана Аксы райондук каратэ-до федерациясынын спортчулары барган.

Турнир каратэ-донун ката жана кумутэ (спортчулардын жекеме-жеке беттеши) түрү боюнча эки бөлүктөн өтүп, ката боюнча мелдешке Турусбеков Ариет, Доктурбеков Кайрат, Койчубеков Самуил, Мукайбеков Батырхан жана Нурматов Бообек катышып, 2 алтын медаль багындырышса, Жүзмалиев Бакытбек менен Топчубаев Бекзат 2-орунду ээлешти. Ал эми Бейшебаев Нурислам, Курманбеков Алмир, Раимжанов Эламан, Мирлан уулу Нурислам, Жолдошалиев Арген, Эрмек уулу Дархан, Нурболот уулу Бекболот, Анарбай уулу Санжарбек жана Темирбеков Ырысбек коло медалдын ээси болушту.

Кумитэ түрү боюнча Жүзмалиев Бакытбек, Курманбеков Алмир, Койчубеков Самуил, Мукайбеков Батырхан биринчи орунду камсыздашса, Тентимишов Эмир, Турусбеков Ариет, Байышов Эльмырза, Ташибаев Рустам, Темирбеков Ырысбек күмүш, Абыдкапаров Байбол, Топчубаев Бекзат, Эрмек уулу Дархан, Анарбай уулу Санжарбек, Өмүрбеков Бекболсун жана Нурматов Бообек коло медаль тагынышты.

Жалпысынан 200дөн ашуун спортчу катышкан турнирдин жыйынтыгы боюнча командалык эсепте Бишкек шаардык каратэ-до SKIF федерациясы биринчи орунду, Аксы райондук каратэ-до федерация экинчи орунду ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×