Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 18.04.2018 12:54

Аксы районунда окуучу аттан кулап каза болду

Turmush -  Аксы районунун Ак-Жол айылында 11-класстын окуучусу каза болду.

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагуловдун айтымында, окуучу аттан кулап каза болгон.

«Каза болгон окуучунун ата-энесине барып жолугуп келдик. Ал мал караганы чыкканда аттан кулап, аттын тизгини анын мойнуна илинип калган экен. Окуучу асынып каза болду деген маалымат тарап кетиптир. Ал чындыкка дал келбейт. Ата-энеси эч кимге доосу жок экенин айтты», - деди ал.

Окуучу 17-апрелде акыркы сапарга узатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×