Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Фото — Аксыда өзбекстандык мал ууруну кармаган милициянын капитаны окуя тууралуу айтып берди

Turmush -  Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнөн мал уурдап жүргөн Өзбекстандын жаранын кармаган милициянын капитаны Нурсултан Туратбеков окуянын чоо-жайын айтып берди.

Анын айтымында, шектүүнүн шериги качып кетүүгө үлгүргөн.

«11-апрель күнү мал уурулардын жолун тосуу үчүн жалгыз өзүм чыккам. Унаам жок болгондуктан 17 жаштагы баланы атасынан сурап, унаасын дагы алган болчум. Түнкү саат 04:00дөр чамасында биз карап олтурган жолдон 2 жылкыны адамдар алып кетип жатыптыр. Ошол учурда унаанын жарыгын күйгүзүп, аларды кууп жөнөдүк. Алар эки атты таштап, чек араны көздөй качты. Мен артынан кууп жөнөдүм. Таштап качкан аттар дагы артыбыздан чуркап бара жаткандыктан алар чек арадан өтүп кетпесин деп аттарды токтотуп, мени менен барган балага карматып, өзүм ууруларды кууп жөнөдүм. Мен аттарга алаксып калганыдыктан уурулардын бири качып, Өзбекстандын чек арасынан өтүп кетти. Экинчисин акыры кууп жүрүп кармап алдык», - деди ал.

Милиция кызматкери кармалган жаранды унаага салууга жергиликтүүлөр жардам бергенин айтты.

«Мен аны кармаганда ал кыйкырып жатты. Колумдан бошонуп качып кетүүгө аракет кылды. Бирок коё берген жокмун. Экөөбүз 10 мүнөттөй алыштык. Ал кыйкыра бергендиктен Абдыжапар деген жергиликтүү тургун келип калды. Ал кармалган жарандын бутун байлап, унаага салууга жардам берди. Буга чейин ушул сыяктуу ууруларды көп кармаганбыз. Бирок Өзбекстандан келип, уурулук кылган жаранды биринчи жолу колго түшүрдүм», - дейт Н.Туратбеков.

Милициянын капитаны Н.Туратбеков Кош-Дөбө аймактык милициясында иштейт. 2013-жылдан бери укук коргоо органында эмгектенет. 2 уулдун атасы.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы колго түшүрүлгөн жаранга кылмыш иши козголгонун маалымдады.

«Алдын ала алынган маалыматтардын негизинде Аксы РИИБ тарабынан райондун аймагында орун алган мал уурулуктардын алдын алуу максатында РИИБдин кызматкерлеринен турган түнкү күзөт уюштурулуп, иш алып барылып келген. Бул кадамдын негизинде Ушул жылдын 11-апрелинен 12-апрелге караган түнү саат 04:00 чамасында Аксы районунун Кош-Дөдө айылынын Атана участкасында Өзбектандын Наманган облусунун Янги-Курган районунун 1987-жылы туулган Н.А аттуу тургуну кармалган, анын шериги Наманган облусунун Чартак районунун 1982-жылы туулган И.И. аттуу тургуну Өзбекстандын аймагына чек ара аркылуу качып өтүп кеткен. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) менен кылмыш иши козголду. Ошондой эле, кармалган атуул менен кошо качып кеткен анын шериги боюнча мамлекеттик кайтаруудагы чек араны мыйзамсыз өтүп жүргөндүгү боюнча КРнын КЖКнын 346-беренеси менен да кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Кармалган жарандын буга чейин 5 жолу уурулук жасагандыгы аныкталды. Ал 6 баш жылкы, 1 баш уй уурдаганын мойнуна алды», - деп айтылат маалыматта.

Жыл башынан бери Кош-Дөбө айыл өкмөттүн тургундарына мал жандыктарынын жоготуусунан улам жалпы 270 миң сом материалдык зыян келтирилген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12209
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×