Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 19.04.2018 09:09 Жаңыланды: 19.04.2018 17:30

Аймактарды өнүктүрүү жылында электр жарыгы жок айылдарга көңүл бөлүнөбү?

Turmush -  Өлкө башчынын быйылкы жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоосун эл колдоп, кубаттоодо. Анткени, аймактардын дараметин арттыруу, көтөрүү багыты көздөлүп кабыл алынган чечимден улам, көйгөйү көп элеттиктерде «элеттен кабар алчулар болот» деген аруу ойлор жанды.

Чакалап чакырымдап таза суу издеген айылдыктар, кетменин көтөрүп көрүнгөн арыкты акмаалап, эгин талаасына араңдан суу тартып келген дыйкандар, бийликке чоң үмүт байлады. Жамап жаскалып, тамтыгы чыккан жолдордун оңдолуусуна ишеним артылууда. Айтор, элеттиктердин эңсеген эле жылы болду. Ырасында, аймактар көңүл бөлүүгө, өнүгүүгө муктаж. Аймактарды өнүктүрүү жылы дегенде эле Жалал-Абад дубанынан али күнчө электр жарыгы жете элек Кызыл-Бейит, Жазы-Кечүү айылдары эске келет. Бир кылым арттагы жашоону кечиргендерге, аймактарды өнүктүрүү жылында кандайдыр бир колдоо болобу? Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.

Унаа каттамы кайык, ат, эшекке айланган айылда...

Аксы районунун Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет. Аталган айыл 1980-жылдарга чейин Бишкек— Ош жолунун боюнда турган. Күрп-Сай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, айылдын жолу суу астында калган. Ошол жылдан бери айылдыктар унаа каттам дегенди унутушту да, унааларды эки калактуу кайыкка, ат, эшекке алмаштырышты.

Башкача айтканда, кызыл-бейиттиктер 38 жылдан бери Нарын суусун кайык менен кесип өтүшөт. Андан ары карай ат эшек менен же жөө жалаңдап дагы 5 чакырым жалгыз кыя жол менен жол жүрүүгө туура келет. Айылга жеткенге чейин 22 кечүүдөн, 6-7 көпүрөдөн өтүшөт. Жаз мезгилинин апрель май айларында сайдагы суу көбөйүп, айылга барчу жалгыз жол менен каттоо кыйынчылыгы жаралат. Кышкысын суулар тоңуп, жол азабы эки эсеге түйшүк тарттырат. Бул кыйынчылыктарга көнүп деле бүтүшкөн. Чакан гана айыл ГЭСтен болгону 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ошентсе да электр энергиясы жеткен эмес. Учурда Кызыл-Бейитте 86 кожолук бар, калк санын эске алганда 300дөн ашык жашоочу бар.

Ансыз да жашоо шарты катаал болгон аймакта мектеп, бала бакча, медпункт сыяктуу мекеме деген нерсе жок. Жашоочулар аргасыз мектеп курагындагы балдарын Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырышып, мектепке беришет.

Айыл башчы Гулчоро Раманкуловдун айтымында, бүгүнкү күндө 135 бала мектепке барат.

«Бизде мектепке барбай калган бала жок, баары эле билим алышат. Көбүнесе туугандарынын колунда жүрүп, мектепти бүтүшүүдө. Жашоосу жакшыргандары гана шаардан үй алып, өздөрүнө шарт жаратышууда. Бир медайымыбыз бар, жаш балдарга эмдөөлөрдү жүргүзүп, калкка кызмат кылат. Кудайга шүгүр көп деле ооруй бербейбиз. Кош бойлуу келиндер көз жараарга 1-2 ай калганда жогорудагы шаарларга кетишет. Биз өз айылыбызга көнүп деле калганбыз. Бийликтен эл электр жарыгын жеткирип берүүнү гана суранат. 37 жылдан бери кайрылбаган жерибиз, жазбаган катыбыз калган жок. Быйыл грант аркылуу күндөн энергия алуучу аппараттарды ар бир үйгө бериле турган болууда. Ал үчүн үйдүн техпаспорттору керек болот экен. Ушул үйлөрдүн документтерин бүткөрүүгө аракет жасап жатабыз. Бул үчүн да абдан кубанып жатабыз», - дейт айыл башчы.

Жергиликтүү жашоочулардын ырастоолорунда, 1980-жылдан 2005-жылга чейин 30га жакын жашоочу Нарын дарыясына чөгүп өлгөн. Ал жылдары эки калактуу кайык менен гана каттоо болгондуктан, кайык толкунга туруштук бере албай, катуу толкунга туш болгон жарандар дүйнө салып кете берген. Бир учурда кайыктан 13 адам сууга чөккөн окуя жүз берүүсү, элеттиктерди өзгөчө ойлонткон. 2005-жылы Айдың аттуу жергиликтүү тургун толкунга туруштук бере ала турган, бензин менен жүрүүчү калаксыз кайык жасаган. Ошентип 12 жылдан бери жарандар дарыяга чөкпөй, суудан бейкапар өтүп калышты. Сууга чөгүп каза болгон фактылар да токтоду. Күнү-түнү элди калаксыз кайык менен суудан алып өткөн кайыкчыга эл өздөрү акча төлөшөт. Анын эмгек акысын төлөө маселеси элдик жыйынга салынып , колунда бар 50 түтүндүн ар бири жылына 3500 сомдон төлөө чечими кабыл алынган. Колдоого муктаж 20 түтүн төлөмдөн жеңилдетилген. Ал эми азыркы тапта калаксыз кайыктын бир тарапка барып келүүсү 80 сом, жайкысын 60 сом болот. Мал-жандыктарга өзүнчө баа чегерилген. Мисалы, бир баш эчкиге 10 сом, бодо мал менен жылкынын башына 20 сомдон төлөнөт. Бул бензин үчүн жумшалат. Айылдыктар өздөрүнүн көйгөйүн ушинтип өз ара сүйлөшүү жолу менен чечип, өз арабасын тартып келишет. Элеттиктердин эңсегени да, ыйы да, суранычы да электр жарыгы...Эми айыл элинин көйгөйү убактылуу болсо да оң тарабына чечилүүсү күтүлүүдө.

Маалым болгондой, быйылкы жылы «Жалалабатэлектро» ААКтын кызматкерлери менен КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин адистери биргеликте айылга электр энергиясын жеткирүүнүн багыттары боюнча жеринде иликтешти. Натыйжада, адистер айылга аба чубалгыларын тартып, көмөкчордон орнотуп электрлештирүүгө 180 миллион жумшалаары такталды. Ошондой эле, күндүн энергиясы менен иштөөчү электр чордондор сыноодон өткөрүлгөн.

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзакуловдун айтымында, эл аралык уюмдардын колдоосу менен аталган айылдагы 74 түтүндүн ар бирине күндөн электр жарыгын алуучу жабдык орнотула турган болууда.

«Өкмөттүн колдоосу, КРнын Экономика министрлигинин багыт көрсөтүүсү менен эл аралык уюмга долбоор жазылган. Долбоор колдоо тапты. Ушул жылдын март айында күндөн энергия алуучу аппаратты коюп, сынап кетишти. Буйруса жай мезгилдеринде ар бир түтүнгө 100 миң сомдук күндүн энергиясын алуучу аппараттар орнотулат. Анын ичинде бир муздаткыч, бир телевизор, движок жана 6 лампочкасы менен берилет. Чырактан көрө ушул жабдыктар деле жакшы да. Убактылуу болсо да калк көйгөйү чечилет», - дейт айыл өкмөт башчы.

Албетте бул кадам электр энергиясын жеткирүү толук чечилди дегенге жатпайт. Келечекте өкмөттүн казынасы кампайып, болжолдонгон миллиондор бөлүнүп, калк көйгөйү чечиле турган мезгил да келээ деп үмүт артып туралы...

Чакан ГЭС көйгөй чечеби?

Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылы район борборунан 120 чакырым алыстыкта, климаттык шарты оор тоолуу жерде жайгашкан. Бул айылга өмүрү электр жарыгы барган эмес. Эл оозунда айтылган аңыз кептерге караганда элетте Кокон Хандыгынын тушунда деле эл отурукташкан. Жолу да катаал айылда бактыга жараша ФАП, мектеп мекемеси бар. 100 орунду мектеп уясынын пайдаланууга берилгенине жыл айлана элек. Дүйшөндүн мектебинин кейпин кийген имаратта билим алып келген балдар быйыл биринчи жолу кыш мезгилинде жаңы имараттан билим алышты. Имарат электр жарыгы менен иштөөгө ыңгайлашкандыктан, кышы менен движоктун жардамы менен жылуулук берилди. 107 кожолук, 600дөн ашуун калк жашаган айыл акырындык менен жакшырып баратат. Деген менен эл миллиондорду чапчыган электр жарыгынын жетүүнү каалашат. Айылды электрлештирүү боюнча маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, өкмөт тарабынан каржылоо булактарын табуу каралууда.

«Жалалабатэлектро» ААКтын адистеринин божомолдуу эсептөөлөрүнө таянсак, айылга 10 КВ аба чубалгысы тартылып барып, электрлештирилчү болсо 62 миллион сомду чапчыйт. Ал эми электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн арттыруу үчүн 35 КВ аба чубалгысын тартып, көмөкчө чордон орното турган болсо 214 миллион сомго жакын каражат керектелет. Демек, маселе оор бойдон калууда.

Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын башчысы Оморбек Жолдошбаев чакан ГЭС куруу аркылуу абалдан чыгуунун жолу каралып жатканын айтты.

«Айыл аймактын 2018-2023-жылдарга кабыл алынган туруктуу өнүктүрүү программасында Жазы-Кечүү айылына электр жарыгын жеткирүү багыты да камтылган. Бул айылда электр чубалгыларын тартып баруу чоң каражатты жумшайт экен. Ошондуктан ал айылга чакан ГЭС куруу менен маселени чечсе боло турган жолду кароодобуз. ГЭС кургандар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө, алар өздөрү изилдеп көрүп анан бир жыйынтыкка келишет экен. Быйыл Кызыл-Үңкүр айылына чакан ГЭС куруп сыноодон өткөрүшөт. Эмдиги жылдан тарта Жазы-Кечүүгө куруу пландалууда. Жергиликтүү бийлик болгон күч аракетин жумшап жатат», - дейт айыл өкмөт башчы.

Аталган айылдын тургундары кабары алганы барган бийлик өкүлдөрүнө бир гана маселени коюп келишет. Аймактарды өнүктүрүү жылында «айылга көңүл бөлчүлөр болоор» деген үмүт менен жашап жатышат...

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×