Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 20.04.2018 14:51

Падыша-Ата коругундагы талашка түшкөн жер боюнча тургундар митингге чыгышты (фото, видео)

Turmush -  Аксы районунда 10 жылдан бери талашка түшкөн Падыша-Ата коругундагы жер бюнча тургундар райондук соттун имараты алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу Кашка-Суу айылынын тургуну Абиба Сейитбекова билдирди.

Анын айтымында, тургундар бул маселе боюнча президентке кайрылуу жолдошту.

«Аксы райондук сотунун имаратынын алдында 19-апрелде нааразычылык акция өткөрүлдү. Анда 10 жылдан бери чечилбей келе жаткан Падыша-Ата коругундагы талаштуу жер элдин пайдасына чечилиши боюнча президентке кайрылуу жолдодук. Соттук иштер улам жылып олтуруп, 10 жыл өттү. Президент С.Жээнбековдун ушул маселеге чекит коюп берүүсүн суранабыз. Мамлекеттин жерин эл пайдаланышы керек», - деди ал.

Падыша-Ата мамлекеттик коругу 10 жылдан бери жеке ишкер Эркин Бегимкулов менен жергиликтүү тургундардын ортосунда талашка түшүп келет. Тургундар жеке ишкер жерди кызматынан пайдаланып мыйзамсыз ээлеп алган деген негизде сотко кайрылган.

Буга чейин Аксы районунун Кашка-Суу айылында жайгашкан Падыша-Ата коругундагы талашка түшкөн 4 гектар жер маселеси боюнча райондук сот чечим чыгаргандыгы маалымдалган.

Жеке ишкер корукту көп жылдык мөөнөткө ижарага алдым десе, айыл өкмөт жетекчилиги келишим мурдагы Авлетим токой чарбасы менен түзүлүп калганын айтып келет. Жергиликтүү тургундар мазар талашка түшкөндөн бери оңдоп-түзөө, жашылдандыруу иши солгундаганын айтып келишет.

Э.Бегимкулов Падыша-Ата коругун оңдоп түзөп койгондон кийин жергилктүү тургундар талашып жатканын айтып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

04.12.2015«Падыша-Ата» коругунун башчысынын кийик атып келе жаткан жеринен кармалган айдоочусу 3 жылга эркинен ажыратылды (фото)
21.10.2015Аксыдагы «Падыша-Ата» коругунун 20га жакын кызматкери жетекчисинин кызматтан кетүүсүн талап кылып, жумушка чыгыша элек
17.08.2016Падыша-Ата мазарындагы талаш боюнча соттук отурумда жабыркагандар ооруканада жатат
18.08.2016Падыша-Ата мазарындагы талаш боюнча соттук отурумда сабалгандарга укуктук баа берилет
01.09.2016Аксыдагы Падыша-Ата коругу боюнча сотто мушташкан жарандарга кылмыш иши козголду
18.10.2016Аксыдагы Падыша-Ата коругу боюнча отурумда мушташкан жарандардын иши сотко өттү
14.11.2016Падыша-Ата коругу боюнча отурумда чыккан мушташтан жабыркагандар сотко чакырылган жок
06.06.2017Фото - Падыша-Ата дарыясынын суусу 30 түп бак-даракты агызып, жолду жараксыз кылды
23.06.2017Тогуз жылдан бери талашка түшкөн Падыша-Ата коругунун соттук иши 27-июнда кайра каралат (фото)
08.08.2017Тогуз жылдан бери талашка түшкөн Падыша-Ата коругундагы жер боюнча райондук сот чечим чыгарды
21.11.2017Падыша-Ата коругундагы талашка түшкөн жер боюнча тургундар нааразычылык акциясына чыгышты (фото)
16.12.2017Фото - Падыша-Ата коругунун аймагында байыркы эротика чагылдырылган петроглифтер бар, - тарыхчы
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.