Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 21.04.2018 20:05

Аксыда мугалимдердин өлүмү: Кырсыктан жабыркаган М.Ажыбаевага жардам берилет

Turmush -  Аксы районунда милиция кызматкеринин катышуусунда орун алган жол кырсыктан улам жабыркаган Мукадас Ажыбаевага район жетекчилиги жардам көрсөтөт. Бул тууралуу аким Мамасалы Мырзамамытов билдирди.

Анын айтымында, жабыркаган мугалимдин ден-соолугу көзөмөлгө алынат.

«Жол кырсыкта катуу жарат алган Мукадас Ажыбаевага жардам берилип турат. Бүгүн, 21-апрелде райондук оорукананын башчысы, Аксы РИИБдин башчысы жана тиешелүү кызматкерлер болуп барып, кабар алып келдик. Ага район жетекчиги жардам берет. Азыр райондук билим берүү бөлүмүнө дагы тапшырмалар берилди», - деди ал.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы жол кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, Аксы РИИБдин кызматкери 2 айга камакка алынгандыгын маалымдаган.

Ошондой эле, кырсыкка кабылган милиция кызматкери унаасын башкара албай калганын, кырсыктан кийин жабырлануучуларды ооруканага жеткиргендиги айтылган.

Ушул жылдын 10-февралында саат 18:00 чамасында болгон жол кырсыктан улам 2 адам каза болуп, дагы экөө жаракат алгандыгы маалымдалган.

Turmush басылмасы тактаган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган Кундуз менен Гүлям каза болгон. Жабырлануучулар— 1988-жылы туулган Т.Г. менен 1983-жылы туулган М.А. дарыгерлердин кароосунда.

ОИИБ алгачкы текшерүү иштеринде айдоочу — Аксы РИИБдеги кенже сержант алкоголдук ичимдик ичпегени аныкталганын билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кербен шаарындагы Мамай атындагы мектептин мугалимдери спорттук иш-чарадан кайтып келе жатышкан. «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү жеке унаасы менен катуу ылдамдыкта бара жаткан милиционер Ниязалы менен Шатманов көчөсүнүн кесилишине жеткенде жолдун тайгалактыгынан башкарууну жоготкон. Айрым маалыматтар боюнча, алдындагы унаадан качууга аракет кылган. Унаа жолдун четиндеги тосмого урунуп, андан кийин жөө бара жаткан мугалимдерди сүзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

12.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: РИИБдин кызматкери 2 айга камалды
13.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Жол кырсыктан жараат алган Г.Таштанова окуя тууралуу айтып берди
12.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: 30 жаштагы Гүлазим жерге берилди, мугалимдердин бири оор абалда (фото, видео)
19.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Оор абалдагы мугалимдин абалы турукташа баштады
01.03.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Оор абалдагы мугалим облустук ооруканага которулду
18.04.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Милиционер катышкан жол кырсык боюнча иш сотко өттү
20.04.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Милиционер катышкан жол кырсыктан катуу жабыркаган М.Ажыбаеванын учурдагы абалы (фото)
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×