Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 25.04.2018 11:50

Аксыда ат сүйрөп кеткен окуучунун өлүмү кылдат текшерилет, - прокуратура

Turmush -  Жалал-Абаддагы Аксы районунун Ак-Жол айылында көз жумган окуучунун өлүмү боюнча териштирүү иштери улантылып жатат. Райондун прокурорунун орун басары Мирлан Романовдун айтымында, аттан кулап каза болду делген өспүрүмдүн өлүмү боюнча шек жаралган. Буга байланыштуу текшерүү иштери кылдат жүргүзүлөт.

«Окуучу каза болгон күнү аталган айылга барганыбызда аны аттан кулады деген ата-энеси денени экспертизадан өткөрүүгө каршы болгон. Биз ошол жерде окуучуну текшергенибизде денесинен эч кандай тактар чыккан эмес. Ур-токмоктон каза болду дегенге негиз жок. Бирок башка бир жагдайлар чыгып калбасын деп текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди М.Романов.

11-класстын окуучусу 16-апрелде көз жумуп, эртеси жерге берилген.

Ал эми Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагулов: «Каза болгон окуучунун ата-энесине барып жолугуп келдик. Ал мал караганы чыкканда аттан кулап, аттын тизгини анын мойнуна илинип калган экен. Окуучу асынып каза болду деген маалымат тарап кетиптир. Ал чындыкка дал келбейт. Ата-энеси эч кимге доосу жок экенин айтты», - деп билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×