Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 27.04.2018 16:08

Аксыда кайнене менен келинди өлтүргөн адамды сот өмүр бою эркинен ажыратты

Turmush -  Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында кайнене менен келинди өлтүрүп, 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет жасаган деп шектелип кармалган жаранга райондук сот өкүм чыгарды.

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Аксы райондук сотунун 2018-жылдын 19-мартындагы өкүмү менен соттолуучу А.Б. Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (күнөөкөр үчүн кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялды өлтүрүүгө далалат кылуу) менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 17 жыл мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган. Ошондой эле соттолуучу А.Б. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-6-13-пункттары (башка кылмышты жашыруу максатында эки же андан ашык адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган. Белгиленген жазалар жарым-жартылай кошуу менен биротоло мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган. Жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөө белгиленди.

Соттолуучу А.Б.дан жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына 83 миң 590 сом материалдык жана 1 000 000 сом моралдык зыян өндүрүлдү. Аксы райондук сотунун бул өкүмүнө макул болбой, соттолуучу жана анын жактоочусу Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылышкандыктан, айтылып жаткан жазык иш облустук соттун кароосунда.

Буга чейин Авлетим айыл өкмөтүндө катталган өзгөчө оор кылмыштын бети ачылгандыгы маалымдалган.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 14-ноябрында саат 11:00 чамасында милиция кызматына Авлетим айыл өкмөтүндөгү үйдөн үй ээлеринин жансыз денелери табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ кыйнап өлтүрүлгөн белгилери бар эки аялдын жансыз денесин табышкан. Алардын өздүгү аныкталып, үйдүн кожойкеси — 1965-жылы туулган С.К жана анын келини — 1991-жылы туулган К.А. экени аныкталган. Мындан тышкары, үйдүн ээсинин кызы да табылган. Белгисиз кылмышкер анын денесине оор жаракат келтирген. Кыз оор абалда аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген болчу. Үйдө дагы эки бала — 2 жаштагы бала жана 1,5 айлык наристе уктап жатышкан.

Аталган факты боюнча Аксы РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (мыкаачылык менен адам өлтүрүү), 28-97-беренеси (адамга өлтүрүү үчүн кол салуу) менен кылмыш ишин козгоду. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБ менен Аксы РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлери ыкчам чараларды көрүп, шектүүнү аныкташкан. Ошондой эле, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка экпертизалар дайындалды.

«Тергөө иштеринин жүүрүшүндө үй ээлери менен мүмкүн болгон байланыштардын бардыгы текшерилген. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери аялдардын өлүмүнө жергиликтүү тургундардын биринин тиешеси бар экендигин аныкташты. Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары ошол эле айыл аймактын 1988-жылы туулган тургуну А.Б. колго түшүрүлдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү алгач үй ээсинин кызын короого чакырып, катуу буюм менен чапкан. Андан кийин ал үйгө кирип, ичиндеги аялдардын денесине залал келтирген. Алган жаракатынан улам үй ээси жана анын келини ошол жерде көз жумган. Кылмышка шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда кандын тактары бар кийимдер жана башка буюмдар табылды. Ал тактарды жууп кетирүүгө аракет кылган. Ошондой эле, шектүү кылмыштан кийин качкан унаанын салонунда кандын тактары болгондугу аныкталды.

Шектүү буга чейин үй ээсинин кызы менен тааныш болгон. Үй ээсинин кызы андан кош бойлуу болуп калганын билип, боюнан алдырууну талап кылган. Бирок түйүлдүк чоңоюп калгандыктан кыз баш тарткан. Белгилүү болгондой, шектүү жаран А.Б. үй-бүлөлүү, 3 ай мурун үйлөнгөн. Ошол күнү ал «Тойота-Камри» унаасын алысыраак жерге токтотуп, кыз жашаган үйдүн короосуна кирген. Кызды чакырып, ошол маселе боюнча сүйлөшкөн», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

16.11.2017Кайнене менен келиндин өлүмү: Аксыда ооруканага түшкөн 26 жаштагы кыздын абалы оор
17.11.2017Кайнене менен келиндин өлүмү: Аксыда шектүү кармалып, кылмыштын бети ачылды
18.11.2017Кайнене менен келиндин өлүмү: Кылмышкерди таш бараңга алууну талап кылгандар митингге чыгышты (видео)
20.11.2017Кайнене менен келиндин өлүмү: Оор абалдагы 26 жаштагы кыз Оштогу ооруканага которулду
28.11.2017Кайнене менен келиндин өлүмү: Оор абалда ооруканага түшкөн 26 жаштагы кыздын абалы жакшырды
12.02.2018Кайнене менен келиндин өлүмү: 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылган жарандын иши сотко өттү
28.02.2018Кайнене менен келиндин өлүмү: Сот иши жылдырылды
22.03.2018Кайнене менен келиндин өлүмү: Күнөөлүү делген адам өмүр бою эркинен ажыратылды
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×