Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.05.2018 17:19

«Кербен» аэропортун оңдоо иштери жылдын аягында башталат, - министр Ж.Калилов

Turmush -  Аксы районунда «Кербен» аэропортун оңдоо иштери жылдын аягында башталуусу күтүлүүдө. Мындай пикирди транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов авиакаттамдар боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, «Манас» эл аралык аэропорту ААКтын каржылоосунда бир катар аэропорттор жакшырды.

«Былтыркы жылы «Ош» аэропортунда оңдоо иштери жүргөн. Ысык-Көл облусундагы «Тамчы» аэропорту да оңдоодон өттү. Бүгүн «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэробекеттик комплекси иштеп баштады. Ал эми «Кербен» аэропортун оңдоо жылдын аяктарында башталып калат. Бул комплексти модернизациялоо үчүн долбоор жасалып, сметалык баалары такталууда», - деп билдирди ал.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев алыскы Чаткал, Аксы, Ала-Бука райондорунун калкы үчүн учурунда иштеп, кийин токтоп калган «Кербен» аэропортун оңдоп-түзөп берүүнү өкмөт башчыдан жана «Манас» эл аралык акционердик коомунун жетекчилигинен өтүндү.

«Кербен» аэропорту 1979-жылы курулуп, 25 жыл иштеген. Бирок 2004-жылдан бери иштебей турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×