Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Аксынын Кезарт айылындагы ФАП кадр жок болгондуктан иштебей турат

Turmush -  Аксы районунун Кезарт айылындагы ФАП кадр жоктугуна байланыштуу иштебей турат.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров билдиргендей, 1 жыл мурда курулган ФАПта кызматкер жок болгондуктан, коңшу айылдан келген кызматкер эки айылды тейлөөгө жетишпейт.

«Кезарт айылында 2017-жылы чет өлкөлүк демөөрчүлөрдүн жардамы менен ФАП курулган. Бирок учурда кадр жоктугуна байланыштуу иштебей турат. Эки айылдын элин бир кызматкер тейлейт. Башка кызматкерлерди алып келүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок азырынча кызматкер табыла элек», - деди ал.

Кезарт айылындагы ФАПка коңшу Кызыл-Туу айылынан келген кызматкерлер иштейт.

150дөн ашуун кожолук жашаган айылда өткөн жылы 3 ирет сел жүрүп, айрым тургундар жаңы конушка көчүрүлгөн болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 598
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×