Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 10.05.2018 16:32

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына кылмыш иши козголду

Turmush -  Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына кылмыш иши козголду.

Өздүк булактар билдиргендей, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.З.га карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 1-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренесинин 2-бөлүмү менен (мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди кабыл алуу, жана ири суммада зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул маалыматты Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов тастыктап, учурда бул иш сотко жеткенин билдирди.

«Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына кылмыш иши козголгон. Ал министрлик тарабынан кызматынан убактылуу четтетилген. Учурда иш сотто каралып жатат. Эгер мыйзамды бузган болсо сот айыбын угузат», - деди аким.

Аким кошумчалагандай, билим берүү бөлүмүнүн башчысы балдарга түшкү чай берүү үчүн өткөн тендерде мыйзам бузган деп айыпталууда.

Аксы районунда 65 мектеп бар. Буга чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы дагы мугалимдерден 400 сомдон акча жыйнаган деген негизде 2015-жылы ишинен четтетилген эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×