Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Милиционер катышкан жол кырсык боюнча иш сотто каралды

Turmush -  Аксы районунда эки мугалимди өлтүрө сүзгөн милиция кызматкеринин катышуусундагы кырсык боюнча ишти райондук сот кечээ, 10-майда карады. Маалым болгондой, сотко күбөлөр толук келбей калгандыктан, соттук отурум 16-майга жылдырылды.

Буга чейин жол кырсык боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-5-бөлүмдөрү менен кылмыш иши козголуп, материалдар райондук сотко өткөндүгү маалымдалган.

Окуя тууралуу

Кербен шаарында ушул жылдын 10-февралында саат 18:00 чамасында милиция кызматкеринин катышуусунда жол кырсык катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болуп, экөө жаракат алган.

Кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган Кундуз менен Гүлям каза болгон. Жабырлануучулар— 1988-жылы туулган Т.Г. менен 1983-жылы туулган М.А. дарыгерлердин кароосунда.

ОИИБ алгачкы текшерүү иштеринде айдоочу — Аксы РИИБдеги кенже сержант алкоголдук ичимдик ичпегени аныкталганын билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кербен шаарындагы Мамай атындагы мектептин мугалимдери семинардан кайтып бара жатышкан. "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү жеке унаасы менен бара жаткан милиционер Ниязалы менен Шатманов көчөсүнүн кесилишине жеткенде жолдун тайгалактыгынан башкарууну жоготкон. Айрым маалыматтар боюнча, алдындагы унаадан качууга аракет кылган. Унаа жолдун четиндеги тосмого урунуп, андан кийин жөө бара жаткан мугалимдерди сүзгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

13.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Жол кырсыктан жараат алган Г.Таштанова окуя тууралуу айтып берди
19.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Оор абалдагы мугалимдин абалы турукташа баштады
01.03.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Оор абалдагы мугалим облустук ооруканага которулду
18.04.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Милиционер катышкан жол кырсык боюнча иш сотко өттү
20.04.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Милиционер катышкан жол кырсыктан катуу жабыркаган М.Ажыбаеванын учурдагы абалы (фото)
21.04.2018Аксыда мугалимдердин өлүмү: Кырсыктан жабыркаган М.Ажыбаевага жардам берилет
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 968
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×