Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 11.05.2018 16:06

«Леонардо Ди Каприо» фонду колдоду: Аксыдагы тоого 10 баш марал алынып келет

Turmush -  Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагына Нарын коругунан 10 баш марал алынып келет. Бул тууралуу «Маралдарды Кыргызстандын аймактарына кайтаруу» долбоорунун жетекчиси Гамал Сооронкулов билдирди.

Анын айтымында, Батыш Тянь-Шань тоолорунда маралдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан маралдарды кайтаруу багытын көздөгөн долбоор жазышып, ал колдоо тапкан.

«Биринчи Чаткал районуна маралдарды алып келүүнү көздөгөнбүз, бирок болбой калды. Себеби маралдар биринчи төлгө чейин короодо болуш керек экен, ал үчүн 1 чакырым жерди кармоого көп суммадагы каражат кетет. Ошентип жүргөнүбүздө Аксы районуна караштуу Авлетим аймагындагы браконьерлерге каршы түзүлгөн жамаат менен сүйлөшүп, жергиликтүүлөр Авлетимдеги тоолор марал көбөйтүүгө ыңгайлуу экенин айтышты. Изилдеп көрсөк, токойлору, булактары бүт баары төп келишкен жер болуп чыкты. Биздин жазган долбоор колдоо тапты. «Кристенсен фонду», «Леонардо Ди Каприо», «Силиконовая Долина» фонддору грант бөлдү. Бул фонддор иш алып барган «Борбор Азияда илбирсти сактоо» программасына биздин да долбоордун кирип калганы сүйүндүрүүдө», - дейт Гамал Соронкулова.

Ал маалымдагандай, Нарын коругунан 8 марал, 2 бугу унаа менен алынып келип, коё берилет. 15-июнга чейин алынып келүүсү күтүлүүдө.

Алар божомолдоп жаткан Алаң тоосу 100дөн ашык марал кармоого ыңгайлуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×