Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 12.05.2018 13:59

Кылмыш иши козголгон Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын иши сотто каралды

Turmush -  Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына козголгон кылмыш иш боюнча соттук кароо болду. Бул тууралуу райондун прокурорунун орун басары Мирлан Раманов билдирди.

Анын айтымында, бул ишке тиешеси бар деп бөлүмдүн эсепчиси дагы суралууда.

«Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.З.га карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 1-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренесинин 2-бөлүмү менен (мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди кабыл алуу, жана ири суммада зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал убактылуу ишинен четтетилди.

Бул ишке тиешеси бар деп бөлүмдүн эсепчиси дагы суралууда. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы окуучуларга берилген тамак аш үчүн азык-түлүктөрдү тендерде кымбат баада сатып алганы аныкталган. Ал мамлекетке 228 миң сомдон ашык зыян келтирген. Аксы райондук соту бул ишти карап, отурумду 16-майга жылдырды»,-деди М.Раманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×