Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Аксыда катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп, 70 үйдүн короосун сел каптады (фото)

Turmush -  Аксы районунда катуу шамалдын кесепетинен 35 турак үйдүн чатыры, 22 кошумча курулуштун жана 2 социалдык объекттин чатырлары жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 14-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 12-май күнү болжол менен саат 16:30 чамасында Кызыл-Туу, Кара-Суу жана Авлетим айыл аймактарында ылдамдыгы секундасына 21-26 метрге жеткен катуу шамал коштолгон жамгыр жаап, турак үйлөрдүн чатырларын учуруп, кокту колоттон түшкөн сел суулары турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Ошондой эле жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу айыл аймагынын ички чарбалык жолдорун шагыл тосуп калган.

Мындан тышкары, Кызыл-Туу, Авлетим айыл аймагында турак үйлөр жана чарбалык курулуштарга зыян келтирилген. Жыл-Булак жана Сарымсак-Булуң тилкелеринде шамалдын кесепетинен электр чубалгыларына терек кулап, үзүп кеткен.

Ал эми Кара-Жыгач–Топ-Жанак–Кара-Суу унаа жолунун Көк-Кыя участкасы 1 жеринен, Чалдыбар участкасы 2 жеринен, Жаңы-Айыл участкасынан 1 жеринен, Бөк-Төр участкасынын 1 жеринен кокту колоттон түшкөн таш аралаш шагыл автоунаа жолун жаап калган. Кокту колоттон түшкөн таш аралаш шагылдын жалпы көлөмү болжол менен 290 метр кубду түзгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Ошондой эле, катуу шамалдын кесепетинен Баястан участкасында колоттон түшкөн сел суулары Коргон сугат каналынын 60 метр аралыгын шагыл таштар менен толтуруп, 12 метр аралыгын жеп кеткен. Коргон сугат каналын 300 кожолук пайдаланат. Коргон айылынын Баястан участкасына баруучу ички чарбалык унаа жолунун 1800 метр аралыгын сел суулары жууп, унаалардын каттамына кыйынчылык жаралган. Жол каттамы ачык.

Ал эми Ак-Жол айыл аймагында сел суулары болжол менен 70 турак үйдүн короо жайларын каптап кеткен.

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары, ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук жарандык коргонуу комиссиясы №12 ишканадан техникалар жана 3 бригада тартылды.

Кызыл-Туу айыл аймагында электр чубалгыларын калыбына келтирүү иш-чаралары жүрүп жатат. Учурда райондук жарандык коргонуу комиссиясынын штабы түзүлүп, кырсыктан жабыркагандарды тактоо иштери улантылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 875
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×