Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Аксыда эски, кооптуу абалдагы мектепте 300дөн ашуун окуучу билим алат (фото)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагындагы Кадыркул Шеркулов атындагы орто мектептин имараты кооптуу абалда, санитардык нормаларга жооп бербейт.

Мугалимдердин ырастоолорунда, мектеп 3 имараттан турат. Биринчиси 1976-жылы союз маалында малчыларга арналып курулган. Экинчи имарат 1989-жылы балдар бакчасы үчүн, үчүнчү имарат 2009-жылы курулган.

«Айыл элине окуучулар үчүн атайын шарттагы мектептин жоктугу кыйынчылык жаратат. Бири малчылар үчүн салынса, экинчи имарат бала бакча болгон. Бирок мектеп жетишсиздигинен мектепке чейинки балдар эмес башталгыч класстардын балдары билим алып жатышат. Дал ушул бакчанын имаратын союз тараганда айрымдар менчиктеп алууга кызыктар болгон. Биздин мектепте көп жыл директор болгон агай чуркап жүрүп алып калган. Ошонун эмгеги менен сакталып калды. Бирок сол капталы эки жерден жарака кетип, кооптуулук жаратууда», - дешти мугалимдер.

Маалым болгондой, мындагы имараттардын аралыгы да алыс, биринчи жана экинчи имараттын ортосунда үйлөр жайгашкан. Окуу бөлмөлөрү тар, санитардык нормага жооп бербеген, капиталдык курулушту талап кылган мектепте 302 окуучу билим алып жатса, 27 мугалим эмгектенет.

Мугалимдер жамааты 16-майда облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиевдин жумушчу сапарында дал ушул айылга жаңыдан мектеп имаратын салуу зарылдыгын белгилешип, имарат салууга жардамдашууну өтүнүштү.

Элеттиктердин ырастоолорунда, алар 20 жылдан бери эле мектеп көйгөйүн көтөрүп келгени менен бийлик тараптан эч кандай колдоо болбой келет. Аты аталган мектептин сол капталында жарака пайда болгону менен жергиликтүү бийлик жарандык коргонуу комиссиясы аркылуу кооптуу деп табылганы боюнча корутунду чыгартууга аракет жасаган эмес. Мындан улам бул боюнча иш алып баруу тапшырмасы берилди.

Ак-Суу айыл аймагында 7 миңге жакын адам жашайт, 3 мектеп бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 948
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×