Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 17.05.2018 17:13

Аксыда сметалык баасы 800 млн сомду түзгөн Ак-Терек каналы курулуп жатат (фото)

Turmush -  Аксы районунда Ак-Терек каналын куруу иштери кызуу жүрүүдө. Маалым болгондой, эгер бул канал ишке берилсе 1500 гектар кайрак жер сугат жерге айланат. Курулушу жүрүп жаткан каналдын абалын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев да көрдү.

Белгилүү болгондой, Ак-Терек каналынын узундугу 6,7 чакырымды түзөт. Жалпы сметалык баасы 800 миллион сом болгон. 2023-жылга чейин пайдаланууга берилет. Канал Кашка-Суу айыл аймагынын Туюк-Жер айылындагы Падыша-Ата дарыясынан башталып, 2044 метр өтмөк аркылуу өтөт. Учурда өтмөктү казуу иши да кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 320 метр өтмөктү бургулоо иши жүргөн.

«Каналдын курулуш иштери үчүн былтыркы жылы 120 миллион сом бөлүнгөн. Быйылкы жылы 100 миллион сом бөлүнүп, жумуш кызуу жүрүүдө. Бул биздин өкмөттүн ирригация маселесин жакшыртуудагы чоң долбоорлорунун бири болуп калат», - деди К.Сатыбалдиев.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ырастоолорунда, канал ишке кирсе Кербен шаары жана Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү суусу жок жаткан жерлер сугат жерге айланат. Канал бүткөн соң суу дамбасын куруу да долбоордо бар. Эгер дамба курулса Сары-Жайык участкасы сугатка айланат. Андагы аймактан 10 миңдеген жаштарга жер тилке берилип, жаңы айыл пайда болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×