Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 19.05.2018 15:29

Аксынын Кош-Дөбө айылындагы селден 32 үйгө олуттуу зыяндар келтирилди (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү сел 721 метр суу түтүгүнө, 32 үйгө катуу зыян келтирди. Бул тууралуу айыл өкмөт башысынын орун басары Кыялбек Абдыкаров билдирди.

«Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 5 айылында селден катуу зыян келтирилди. 32 үйгө сел кирип, 721 метр таза суунун түтүкчөлөрү жарактан чыгып, 2 уйду электр мамысы кулаган жерде ток тартып өлдү. Мындан сырткары 93 сотых жашылча эгилген короолор зыянга учураган. Унаалар өтүүчү 1 көпүрө жараксыз болду. Учурда келтирилген зыяндар толук эсептелип калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×