Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 21.05.2018 12:54

Аксыда уурдаган малды сатып жатканда кармалган жаран камакка алынды

Turmush -  Аксы районунун борбордук базарында уурдап келген уй менен торпогун сатып жаткан жаран кармалды. Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиргендей, мал уурдоого шектелген жаран 18-май күнү кармалган.

Шектүү жаранды мал базардан Кызыл-Капчыгай айылынын тургундары кармашкан. Кечээ, 20-май күнү айыл тургундары бул ишти акыйкат териштирүүнү талап кылып жыйынга чогулушту.

Аксы районунун прокуратурасы тургундар менен жолугушуу өткөрүлгөнүн, малды уурдады деген жаран 1 айга камакка алынганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×