Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 21.05.2018 15:01

Аксыда жарака пайда болуп, сүрүлүп жаткан жер көчкү 11 үйгө коркунуч жаратууда (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-майда ӨКМ башчысы Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аксы районундагы кооптуу аймактар менен таанышууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министр Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Чалк-Өйдө участкасындагы жер көчкү кооптуулугу бар участокту жеринен көрдү. Ак-Жол айыл аймагынын Тегене айылынын Чалк-Өйдө участкасындагы Таш-Көмүр—Кербен багытындагы автоунаа жолунун оң жээгинде (31-км) күн батыш экспозициясында узундугу болжол менен 350 метр, туурасы 200 метр, көлөмү 250000 метр куб түзгөн жерде жарака пайда болуп, төмөн көздөй сүрүлүп, автоунаалардын каттамын татаалдаштырган. Ошондой эле 10 даана 35 кВ чыңалуудагы электр чубалгылардын мамычаларына, 32 даана 10 кВ чыңалуудагы электр чубалгылардын мамычаларына авариялык абал жаралган.

Мындан сырткары, жер жаракасынын коркунучунда төмөн жакта Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Шынаа айылында жайгашкан 11 турак жай, 10 жаранга жаңыдан берилген жер тилкелери, 3,5 гектар жер үлүшү бар. Ал боюнча ӨКМдин мониторинг департаментинин 2017-жылдын 24-апрелиндеги №92 корутундусу да чыгарылган. Абалды жеринен көргөн министр Н.Мирзахмедов ӨКМдин тиешелүү адистерине дагы бир ирет тыкыр иликтеп, кырсыктын алдын алуу боюнча сунуш берүү боюнча тапшырма берди.

«Бул жерде Жарандык коргонуу жөнүндө мыйзамга ылайык, Транспорт жана жол министрлиги, «Жалалабад электр» ишканасы, жергиликтүү бийлик жумуш алып баруусу зарыл. Ошого карабай, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерине тапшырма берем, кайрадан жер көчкүнү изилдеп чыгышып, кооптуулукту жоюу боюнча чечим кабыл алып, жардам беришибиз керек», - деди Н.Мирзахмедов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×