Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Аксыда жөө адамдар өтүүчү жолго чыгып алган соодагерлер базарга киргизилди

Turmush -  Аксы районунун борбору Кербен шаарында жол боюнда соода кылган соодагерлер жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгынан улам базардын ичине киргизилди.

Кербен шаардык мэриясынан кабарлагандай, соодагерлер жол жээгинде мыйзамсыз соода кылып келишкен.

«Бүгүн, 21-майда мэриянын жана милициянын кызматкерлери биргеликте жол жээгине чыгып алган соодагерлерди базардын ичине киргизишти. Соодагерлер үчүн базардын ичинде жай бар. Бирок атаандашуудан улам соодагерлер сыртка чыгып кетип жатышат», - деп билдиришти мэриядан.

Буга чейин Кербен шаарынын тургундары соодагерлер жолго чыгып алып, жөө адамдар баса албай калганын айтып чыгышкан эле.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
1
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2762
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×