Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Ак-Суу—Кызыл-Жар-12 жолу 45 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек (фото)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Ак-Суу айыл аймагын район, кыштак менен байланыштыруучу жалгыз Ак-Суу—Кызыл-Жар-12 жолунда 45 жылдан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, бул жол 1969-жылы чарбалык ашар ыкмасы менен шагыл төшөлүп курулган. 45 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоо иши жүргөн эмес. Бул абал алыскы айыл аймактын элин түйшүккө салууда. Жолдун 15 чакырымына жакыны сайдын ичинен өткөндүктөн, жаздын күндөрү кооптуулук жаралат.

«Жазында жаан-чачын убакта жалгыз жолубуз да кооптуу болуп калат. Ошол сайдан кокустан сел коркунучуна дуушар болгон окуялар жыл сайын эле катталып келет. Кудайдан амандыгыбызды тилеп, өтүп жатабыз. 2013-жылдан бери эки унаа селге туш болуп, жараксыз болду. Сел коркунучуна кабылган учур өзгөчө жаан-чачын катуу жааган күндөрү кездешет. Бул жолду оңдоо үчүн сөзсүз эле адам өмүрү кыйылышы керекпи? Ошондо гана жол оңдошобу? Жаан-чачын катуу болсо 1-2 сутка жол жабылып калууда. Кары-картаңдар, оорулуулар, кош бойлуулар эле ортодо кыйналып жатат», - дешет жергиликтүү тургундар.

Ак-Суу айыл аймагынын жетекчилигинин маалымдоосунда, эл маселе көтөргөн жол боюнча буга чейин КРнын Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылуу жазышкан. Аталган жолдун жалпы узундугу 35 чакырымдан ашат.

«Жол №30 жол тейлөө ишканасына карайт. Кышында жолду ачып берет. Жол каралып турат, бирок капиталдык оңдоо зарылдыгы бар. 45 жылдан бери капиталдык оңдоо иши жүрбөгөндүктөн кумдары калбай, топурагы чыгып, айрым жерлери авариялык абалга жеткен. Автоунаалардын каттоосу кыйынчылык жаратып жатат. 2016-жылдагы тынбай катуу жааган жаандан улам 10 чакырымдан ашуун жерин сел алып кеткен. Сайдан өткөн бөлүгү ырасында кооптуулук жаратат», - деп билдиришти айыл аймактан.

Ак-Суу айыл аймагы облус борборунан 185, район борборунан 90 чакырым алыстыкта турат. Шаар, кыштактар менен байланыштырган жалгыз жол.

Бул аймакта 7 миңге чукул калк жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2686
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×