Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 05.06.2018 11:05

Аксыда 3 жылдан бери иштеген асфальт завод салык төлөбөй жатат, - депутат

Turmush -  Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүндө 3 жыл мурда ишке берилген асфальт заводу айыл өкмөт үчүн салык төлөбөй жатат. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаттары билдиришти.

Депутаттардын бири Адилбек Өтөмбаевдин айтымында, завод айыл өкмөттүн карамагында иштеп, бирок салык төлөөдөн баш тартып жатат.

«Жерге-Тал айылдык кеңешинин 6 депутатынан турган комиссия салыктарды эсептеп чыкты. Бирок 3 жылдан бери иштеп келе жаткан асфальт завод 1 сом дагы төлөгөн эмес. Биз бул боюнча завод жетекчилигине кайрылганыбызда алар салык төлөөдөн баш тартышты. Айыл өкмөт дотацияда отурат. Салыктар түшпөй, учурда көп көйгөй чечилбей жатат. Завод 3 жылдан бери тынымсыз иштейт. Ишкана жер салыгын төлөшү керек», - деди ал.

Ал эми айыл өкмөттүн башчысы Таалай Ташкулов завод менен келишим түзүү эми каралып жатканын билдирди.

«Завод буга чейин лицензия алган эмес. Чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Эми келишим түзүлөт. Келишимдин негизинде айыл өкмөткө салык төгөт», - дейт айыл өкмөт башчы.

Жерге-Тал айылынын четиндеги асфальт завод 2015-жылы курулуп бүтүп, ишке киргизилген. Зовод курулса райондо жыл сайын 5 чакырым жол асфальттанары айтылган. Зовод өткөн жылы 3 чакырым жолду тендердин негизинде асфальттаган.

Жерге-Тал айыл өкмөтүндө 3 айыл бар. Айыл өкмөттө 7 миңден ашуун калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×