Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 05.06.2018 13:15

Аксыда өзбек чек арачысы атып өлтүргөн тургундун үй-бүлөсүнө Өзбекстан 5 миң доллар берди

Turmush -  Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын Аксы районундагы аймагында ок тийип каза болгон 34 жаштагы Фархад Абдыкалыковдун үй-бүлөсүнө Өзбекстан 5 миң АКШ долларын берди. Бул тууралуу Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргешалы Озокеев билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси келип, каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө 5 миң доллар акчалай жардам берген.

«Акчалай жардам Кербен шаардык кеңешинин депутаттарынын талабы менен төлөндү. Бирок, депутаттар бул үй-бүлөгө үй алып берүүнү талап кылып жатышат. Каза болгон жарандын 4 баласы жетим калды. Аларды жалгыз бой эне кантип багат? Ошондуктан бул үй-бүлөгө турак үй алып берүүнү талап кылып жатабыз», - деди ал.

Кербен шаардык кеңеши Жогорку Кеңештин депутаттарына жардам берүү боюнча кат жолдогон. Кийин Мамлекеттик чек ара кызматы 5 миң АКШ доллар акчалай жардам көрсөтүлгөнүн айтып, кат аркылуу жооп кайтарган.

Катта өзбек тарап 5 миң доллар төлөп бергенин жана балдарына жөлөк пул төлөө үчүн алардын күбөлүктөрүнүн көчүрмөсүн алып кеткени жазылган.

Кербен шаарынын мэри Нармат Эсеналиев Өзбекстандан атайын топ келип, жабыркаган үй-бүлө менен жолугуп кеткенин белгилеп, бирок акчалай жардам берилгенин же берилбегенин так айта албай турганын билдирди.

Буга чейин 2018-жылдын 7-апрелинде Аксынын Мамай айылында ошол эле райондун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну өзбек чек арачысынын ок атуусунан улам каза болгондугу маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×