Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.06.2018 12:22 Жаңыланды: 23.06.2018 11:26

«Мекендештер»: Астанадагы ресторанда иштеген 19 жаштагы Нуртилек стейк бышыруунун сырлары менен бөлүштү (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 19 жаштагы Нуртилек Асаналиев. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган. Учурда Казакстандын Астана шаарындагы алдыңкы ресторандардын биринде ашпозчу болуп эмгектенет. Мекендешибиз менен аймактык кабарчы баарлашты.

Н.Асаналиевдин айтымында, ал мектепти аяктагандан кийин Казакстанга барып, алгач сатуучу болуп иштеген. Кийин ресторанга башкы ашпозчунун жардамчысы болуп ишке орношкон.

«Мектепти аяктагандан кийин шартка байланыштуу жогорку окуу жайдан билим албай калдым. Ошол эле жылы иштөө үчүн Казакстанга келип, бир жылдан ашуун телефон жана тиричилик буюмдарын саткан дүкөндө сатуучу болуп эмгектендим. Эжем да ушул эле шаардагы реторандардын биринде эмгектенчү. Бир күнү башкы ашпозчуга жардамчы керек дегенин угуп, ошол жерге ишке кирдим. Өмүрүмдө тамак жасап көрбөгөндүктөн алгач абдан кыйналдым. Кийинчерээк баарын өздөштүрүп кеттим.

Учурда стейк бышыруу боюнча адис болуп калдым. Бул тамакты сүйүп жегендер көп болгондуктан бир күндө 20 килограммга чейин эт бышырып, кардарларга сунуштайбыз. Стейк жаңы союлган малдын этинен жасалат. Эгер эт тоңдурулган болсо, анда аны ээритип алуу керек. Этти тарамдарына карата кесүү зарыл. Эттин кесиминин калыңдыгы да зор мааниге ээ. 2,5-4 сантиметр калыңдыктагы кесим идеалдуу деп саналат. Бышырууда этти алгач жогорку температурада, андан кийин жай отто кууруу зарыл. Этке туз, татымалдардан сээп, 30-40 мүнөт тыныктырып коюу керек.

Гурмандардын айтуусунда, кан чыгып турган стейк жогору бааланат. Этти бышырууда аны акырын басып, бышкандыгын аныктайбыз. Эгер баскан учурда бир аз кан чыкса, гурмандар сүйүп жеген «кандуу стейк» даяр. Каны чыгып турган стейк 1-3 мүнөттө, ал эми орточо куурулган стейк 6-8 мүнөттө даяр болот. Даяр болгон стейкти 10-15 мүнөттөн кийин кардарга берген туура. Бул учурда даамына келе түшөт», - дейт Нуртилек.

Стейкттин түрлөрүн бышырган Нуртилек буга чейин маданий иш-чараларга да активдүү катышып келген.

«Мектепте окуп жүргөн кезде мектептеги маданий иш-чаралар менсиз өтчү эмес. Ар кандай сынактарга катышып, жеңүүчү болуп жүрдүм. 10-класста окуп жүргөндө «Элеттен чыккан элдик таланттар» деп аталган сынакка катышып, айылдык турдан өтүп, райондук турдан алдыңкы орунга ээ болгом. Азыр дагы эстрада жанрында ырларды ырдайм. Эгер мүмкүнчүлүк болсо музыкалык окуу жайдан билим алмакмын», - деди Н.Асаналиев.

Мындан тышкары, ал жакында мекенине кайтып келип, билим алууну жана ашпозчулук кесибин улантууну пландап жаткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×